24.kg
17:44, 23 сентября 2019, 24.kg

Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматовага атасынын музейин карап алууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматованын видео кайрылуусундагы айыптоолорго жооп берди.

Анын айтымында, видеодо айтылган 650 миллион сом ун чыгаруучу ишканалардын төлөгөн салыгы.

Бакыт Төрөбаевдин билдирүүсүндө, учурда ун чыгаруучу комбинаттар жабылып, жабдууларын сатууда.

«Ширин Айтматова Алмазбек Атамбаевдин ордун басып, өзүн коррупцияга каршы күрөштүн башчысы катары көрсөткүсү келип жатат. Же кыргыздын Алексей Навальныйы болгусу бар. Бирөөнү айыптоодон мурда атасынын музейине көңүл бөлсө болмок. Музей камкордукка, оңдоого муктаж. Дагы жакшы иниси Эльдар карап турат», — деди ал.

Белгилей кетсек, Ширин Айтматова Жогорку Кеңештин фракция башчылары салыктык жеңилдиктен 650 миллион сом иштеп тапканын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18