24.kg
08:58, 23 сентября 2019, 24.kg

Казакстанда полигондогу жарылуудан 10 сапёр жабыркады

Ишемби күнү Казакстандын Арыс шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан полигондо ок-дары бөлүктөрү жарылып, 10 сапёр жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, кырсык «пландуу жардыруу иштеринин жүрүшүндө» болгон. Учурда жарылуунун себептери териштирилүүдө.

Быйыл 24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарында ок-дары сакталган кампа жарылып, төрт киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган. Бийлик жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан. Августтун аягында Арыстагы аскердик бөлүктүн командири менен анын орун басары кармалган. Алар «жарылуучу заттарды колдонуу эрежелерин бузуу» жана «оор кесепеттерге алып келген шалакылык» беренелери боюнча шектелүүдө.

13-сентябрда өлкөнүн Коргоо министрлиги Арыстагы аскердик кампаны тазалоо учурунда ок-дары бөлүктөрү жарылып, төрт жоокер жаракат алганын кабарлаган.

Акыркы 10 жылда Арыстагы аскер кампаларында төрт жолу жарылуу болуп, бир нече киши көз жумган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18