24.kg
15:09, 20 сентября 2019, 24.kg

Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү

Саламаттык сактоо министрлигине Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна деп 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Каражат өкмөт башчынын резервдик фондунан бөлүндү.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.

Буга чейин Самат Курманкуловду Москвадагы реабилитациялык борборго которо турганын 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18