24.kg
11:44, 20 сентября 2019, 24.kg

Кыргызстан жылуулук үчүн газды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат

Керек болгон учурда Кыргызстан электр энергиясын импорттоону жана жылуулук үчүн газды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, учурда Токтогул суу сактагычындагы сууну үнөмдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө суунун көлөмү 12,5 миллиард кубометр. Бул былтыркыга салыштырмалуу аз. Өкмөт абалды Нарын суусунун деңгээлинин аздыгы менен байланыштырууда.

«1-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 10,5 миллиард кубометрге жетет деп пландалууда. Эгерде кыш суук боло турган болсо, ЖЭБдин иштөө кубаттуулугун арттыруу мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Мындан улам, көмүрдү мол сатып алуудабыз. Электр энергияны импорттоо боюнча башка мамлекеттер менен иштешебиз. Керек болуп калса жылуулук үчүн газды падаланабыз, бирок ага жеткирбейбиз деген ойдомун», -деди ал.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18