24.kg
10:54, 20 сентября 2019, 24.kg

«Кыргызнефтегазга» аудитти ким жүргүзөт? Кыргызстан жана «Газпром» тартышууда

«Кыргызнефтегаз» ААКсын орусиялык компания «Газпромдун» менчигине берүү боюнча жол картасын ишке ашырууда биз аудит маселесине келип токтодук. Бул тууралуу КСДП фракциясынын отурумунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, «Газпром» өзү аудит жүргүзүп, ишкананын реалдуу баасын аныктап чыккысы келет. Бирок, Кыргызстан мындай позиция менен макул эмес.

«Туура баасын аныктоо үчүн, биз өзүбүз аудит жүргүзүшүбүз керек. Учурда бул маселени талкуулап жатабыз. Бизде жол картасы бар. Ал боюнча кичине артта калуулар бар, бирок иш жүрүп жатат», -деди Кубатбек Боронов.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарында, «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллер менен биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Газпромдун» «Кыргызнефтегаз» ААКсынын мүлкүн жана активдерин алууга катышуу тууралуу жол картасына кол коюшкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18