24.kg
09:39, 20 сентября 2019, 24.kg

Бишкекте 12 жаштагы Бебеза Саид изделүүдө

Бишкекте 12 жаштагы Бебеза Саид изделүүдө. Бул тууралуу ШИИББден билдиришти.

18-сентябрда Свердлов РИИБге шаардын жашоочусу кайрылып, уулу дайынсыз болуп жатканын айткан. Ал уулу 16-сентябрда саат 15:00 чамасында Дордой конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек деген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Өзгөчө белгилери: бою 145-150 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска, кара.

Ошол күнү мектеп формасын — ак көйнөк, кара шым, бутуна кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн. Аны көргөн-билгендер болсо же ал тууралуу маалыматы барлар (0553)102387, (0702) 228505, (0702 )498888, (0552) 102743 жана 102 номерлерине байланышып коюуну Бишкек ШИИББи өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18