24.kg
09:11, 20 сентября 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясы. Клара Сооронкулова мамлекеттик комиссиянын курамынан чыгат

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамынан чыга турганын билдирди. Ал 24.kg агенттигине анын себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, өзүн жана Бишкек тез жардам станциясынын мурунку башкы дарыгери Жаркынбек Касымбековду комиссиянын курамына киригизип коюшкан, бирок ал бир дагы отурумга катышкан эмес.

«Мен ал жакка баргым келбеген үчүн катышпай элемин. Мени эч ким чакырган да жок, кабар беришкен да жок. Ал тургай комиссия кайсыл күндөрү чогула турганын да билбейм. Анда ал жакта менин эмне керегим бар? Мен андан көрө курамдан чыкканым оң», -деди Клара Сооронкулова.

Эске салсак, мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы иш-чараны «Альфа» атайын бөлүмүнүн катышуусунда ким даярдаганын аныктап чыкмакчы.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18