24.kg
12:08, 19 сентября 2019, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Максат айылынын тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтып келишти

Лейлек районундагы Максат айылынын тургундарынын көпчүлүгү үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жергиликтүү эл билдирди.

Айтымдарында, айылда турмуш жанданып, окуучулар мектепке бара баштады. «Айылдын 80 пайызы үйлөрүнө кайтып келишти. Мектепте окуучулардын саны аз, ар бир класста дээрлик 3-4 окуучу жок», -дешет тургундар.

Эске салсак, Максат айылынан 752 тургун көчүрүлгөн.

16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда. 17-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18