24.kg
11:53, 19 сентября 2019, 24.kg

Мадумаров: Тажикстан чек ара аймагындагы баштаган курулушун кайра бузат

Тажикстан Кыргызстан менен чектешкен, тактала элек аймакка баштаган курулушун токтотуп, бузмай болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров билдирди. Анын айтымында, тажик тарап сүйлөшүүгө ылайык жакынкы 20 сааттын ичинде баштаган курулуштарын кайра бузушу керек.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18