24.kg
10:31, 19 сентября 2019, 24.kg

Президент кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш жана башка тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат. Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18