24.kg
09:53, 19 сентября 2019, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Жогорку Кеңеш өкмөт башчынын отчетун жабык режимде угууда

Жогорку Кеңеш Лейлек районундагы такталбаган кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу өкмөт башчынын отчетун жабык режимде угууда.

Отурумга вице-премьер Жеңиш Разаков катышууда. Депутаттар Исхак Масалиев менен Алмамбет Шыкмаматов журналисттер дагы залда калсын деп айтып чыгышты. Бирок, төрага Дастанбек Жумабеков регламент тууралуу эскертип, ЖМК өкүлдөрүн залдан чыгып турууну суранды.

Эске салсак, 16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда.

17-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18