24.kg
09:54, 19 сентября 2019, 24.kg

Адахан Мадумаров Мамат Айбалаевди түз эфирде жолугушууга чакырды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Баткен облусунун мурдакы губернатору Мамат Айбалаевди дебатка чакырды. Бул тууралуу ал «Азаттык» радиосунун түз эфири учурунда билдирди.

«Айбалаевли эрөөлгө чакырам. Кайсы телеканал болсо дагы жолугушууга даярмын», — дейт ал.

Эскерте кетсек, Мамат Айбалаев менен Адахан Мадумаровдун талашы кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан улам жаралды. Мамат Айбалаев Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Тажикстан менен 275 метрлик жолду 49 жылга ижарага алуу тууралуу протоколго кол койгон.

Ал протокол Ош-Баткен-Исфана жолун бүтүрүү үчүн керек болгон.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун айтымында, азыр дагы Тажикстан тарап бул протоколду бетке кармоодо. Адахан Мадумаров протокол бул келишим эмес экенин билдирип, кыргыз бийлигинин аны жокко чыгаруу укугу бар экенин белгилейт.

«Жол Көк-Таш айылына келип токтоп калды. Жолду улантуу керек болчу. Андыктан ал протокол убагында өз милдетин аткарды», — дейт Адахан Мадумаров.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18