24.kg
15:26, 18 сентября 2019, 24.kg

Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганы маалым болду

ЖАМК 24.kg агенттигине президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганын айтты.

Маалыматка ылайык, камера 12 орунга эсептелген, бирок анда 6-7 киши кармалууда. Алардын баары мурда соттолгон эмес. Учурда алар экономикалык беренелер боюнча кармалгандар.

Фарид Ниязовдун «конушаларынын» арасында адам өлүмүнө шектелгендер, зордуктоого жана талап тоноого шектүүлөр жок.

Фарид Ниязовго расмий түрдө массалык башаламандык уюштуруу жана кишилерди барымтага алуу боюнча айып тагылды.

 
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18