24.kg
14:20, 18 сентября 2019, 24.kg

Жылдын аягына чейин 44 айыл таза суу менен камсыз кылынат

Жылдын аягына чейин 44 айыл таза суу менен камсыз кылынат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев менен Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевди кабыл алуу маалында айтылды.

Сооронбай Жээнбеков 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлганын эске салды.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2023-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 объект аныкталганын билдирди.

Көкүмбек Таштаналиев Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында 46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырарын жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөрүн кошумчалады. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Ал эми Аскарбек Токтошев 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн каражаттар жетиштүү экенин, анын ичинен 2018-жылы 653 айылдын 69 айылы таза суу менен камсыздалды, 2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатканын баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18