24.kg
09:57, 18 сентября 2019, 24.kg

Исхак Пирматов күйүүчү майдын Тажикстанга аткезчилигин токтотууну сунуштайт

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов күйүүчү майдын Тажикстанга аткезчилигин токтотууну сунуштайт. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасына жазды.

Эл өкүлү учурда Тажикстан тарап менен сүйлөшүү оор болуп, Кыргызстан үчүн туура келбеген шарттар коюлуп жатканын айтат.

«Бизге тап такыр туура келбеген шарттарды айтып, компромисске келүү абдан татаал болууда. Түзүлгөн кырдаалда болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонбоо туура эмес жана жада калса кылмыш деп эсептейм. Баткен областы аркылуу Таджикистанга транзит менен өтүп жаткан миңдеген тонна контрабанданы бууп салуу керек. Бул чоң экономикалык сокку болот. Сүйлөшүү процессин баштап , демаркация процессин жыйынтыктаганга кошуналарыбызды мажбурлайт. 5-6 аткаминердин бизнес кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы өйдө туруш керек. Өкмөтүбүздүн бул чечкиндүү кадамга -тез арада эрки жетет деп ниеттенели», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18