24.kg
08:40, 18 сентября 2019, 24.kg

Чек ара жаңжалы. Тажик тарап курулуш иштерин токтотту

Тажикистан Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотту. Маалыматты 24.kg агенттигине депутат Таабылды Тиллаев тастыктады. Ал Баткенде жүрөт.

Айтымында, абал курч бойдон калууда. Эл нааразы болуп, бийликтен чек ара маселесин чечип берүүнү талап кылууда. «Биз тургундар менен жолугуп жатабыз. Алар эмне себептен ушундай окуя болуп кетти деп түшүнбөй жатышат. Бирок, митингге чыккандар жок», -деди депутат.

Эске салсак, 16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда.

Кечээ Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18