Мухаммедкалый Абылгазиев Максат айылынын жашоочулары менен жолукту
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Өкмөт башчы кечээ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясына байланыштуу айылдагы учурдагы абал менен таанышты.
Өкмөт башчы мамлекет үчүн чек ара маселелерин чечүү, артыкчылыктуу жана өтө маанилүү милдет болуп санала турганын айтты.
«Биз бардык күчүбүздү чек ара маселелерин улуттук кызыкчылыкта чечүүгө жумшайбыз. Бул сыяктуу маселелер терең ойлонулган чараларды, таразаланган мамиле жана убакытты талап кыларын биз мойнубузга алууга тийишпиз. Алар конструктивдүү нукта, өз ара ишеним шарттарында жана эки жактуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилүүгө тийиш», — деди министрлер кабинетинин башчысы.
Премьер-министр Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминовдун аскердик милдетин аткарууда курман болгондугуна байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
«Тилекке каршы, тынч заманда биздин аскерибиз каза таап, башкалары жаракат алышты. Бардык жабырлануучуларга зарыл көмөк көрсөтүлөт. Мен силердин өлкө үчүн өтөгөн кызматыңарга, мекенчилдигиңерге жана кайраттуулугуңарга ыраазымын», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр Максат айылынан эвакуацияланып, Эски-Оочу айылындагы А. Момунов атындагы мектепке жайгаштырылган жашоочуларга барып жолугуп, алардын өз үйлөрүнө кайтышы боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Көчүрүлгөн жергиликтүү тургундар өлкөнүн аскер кызматкерлерине жана мекендештерге колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, түзүлгөн кырдаал тезирээк чечилсе деген үмүттөрүн билдиришти.