24.kg
15:11, 17 сентября 2019, 24.kg

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери Баткенге барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери чек ара чырында медиаторлордун ролун аткарууга даяр. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Марат Иманкулов айтты.

Ал тараптарды тынчтыкка чакырып, Тажикстандагы кесиптештерине канчандыр бир кезде Борбор Азиянын баардык өлкөлөрү аймактагы коопсуздукту биргелешип камсыздашканын эскертип өттү.

«Тажик тарап миномет колдонду деген маалымат бар. Бул туура эмес. Биз абалга кабатыр болуп жатабыз. Аймактагы туруктуулук баарынан маанилүү. Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери Баткенге барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даяр», -деди Марат Иманкулов.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган. Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Куралдуу күчтөрдүн аскердик-транспорттук учагы менен Баткен облусуна келгени кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18