24.kg
10:32, 17 сентября 2019, 24.kg

№ 19 колонияда 62 жаштагы соттолгон жаран ачкачылык жарыялады

Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы № 19 колонияда 62 жаштагы соттолгон жаран ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине акыйкатчынын аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өмүр бою эркинен ажыратылган Рахматулло Туранов жаңы Кылмыш-аткаруу кодексине нааразы.

«Анын айтымында, эски мыйзам боюнча өмүр бою эркинен ажыратылгандардын 30 жыл отургандан кийин, шарттуу түрдө эркиндикке чыгууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Ал эми жаңы мыйзамда мындай мүмкүнчүлүктү алып салышкан. Соттолгон жаран ачкачылык жарыялады, бирок суу ичип жатат. Дарыгерлер анын ден соолугуна көзөмөл кылышууда», -деп билдиришти ведомстводон.

ЖАМК расмий түрдө ачкачылык тууралуу арыз менен эч ким кайрылбаганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18