24.kg
17:17, 16 сентября 2019, 24.kg

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду. Жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий туткундарды коргоо боюнча комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Эрнест Карыбековду жатак абакка которуудан баш тартышкан. ЖАМКтан билдиришкендей, Жазык кодексинин жаңы редакциясы боюнча ал 2020-жылдын күз айынан кийин гана шарттуу түрдө бошоно алмак. Бирок, Эрнест Карыбеков жаңы редакция күчүнө киргенден кийин арыз менен кайрылган. Бул жолу юристтердин далили кабыл алынып, Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду.

Эске салсак, Эрнест Карыбеков «Кылмышты жаап жашыруу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 11 жылга чейин кыскартуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал № 3 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан. Андан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып алынып салынды.

Эрнест Карыбеков менен бирге соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18