24.kg
16:33, 16 сентября 2019, 24.kg

Өзгөн районундагы жер байлыктарын иштетүү боюнча 143 лицензия берилген

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы жер байлыктарын иштетүү боюнча 143 лицензия берилген. Бул тууралуу депутат Улугбек Ормонов Өзгөн шаарында тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү менен жолугушканда маалым болду.

Маалыматка ылайык, алтын казууга 2, көмүр казууга 33, нефть изилдөөгө 3, сары таш иштетүүгө 19 лицензия берилген.

Эске салсак, ушул жылы Өзгөн районунун Заргер айыл аймагында иштеген «Цин Лун» ишканасы экологиялык кооптуу кырдаал жаратканы маалымдалган. Атайын комиссия түзүлүп, жалпы эле райондогу кен байлыктарды иштетүүнүн абалын текшерип чыгуу белгиленген. Комиссиянын негизги максаты- экологияга зыян келтирип, мыйзамды аттаган ишканаларды тартипке чакыруу.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18