24.kg
16:06, 16 сентября 2019, 24.kg

Түркияда кылмышка шектүү кыргызстандык кармалды

Түркияда кылмышка шектүү кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу «Азаттык» түркиялык ЖМКга шилтеме берип жазды.

Бүгүн полиция Стамбул шаарынын Фатих жана Башакшехир аймактарында атайын операция уюштуруп, эки басмакананын кампасында мыйзамсыз алкоголдук ичимдик даярдап жаткан шектүүлөрдү кармаган.

Колго түшкөн беш шектүүнүн үчөө түрк жараны, калган экөө өзбекстандык жана кыргызстандык жарандар экени аныкталган. Алар кармалган кампадан полиция тогуз миңге жакын даяр алкоголдук ичимдик, 5 тонна спирт жана миңдеген чет өлкөлүк ичимдиктердин даяр этикеткаларын конфискациялаган.

Түркияда спирттик ичимдик жана тамеки өндүрүмүн мыйзамсыз чыгаруу, сактоо жана сатуу боюнча шектүүлөр түрк Жазык кодексинин 5607-беренесине ылайык 3 жылдан 6 жылга чейин жазага тартылат.

2018-жылдын расмий статистикасы боюнча Стамбул шаарында 522 миңден ашык чет өлкөлүк жаран катталган. Ал эми жалпы Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алар негизинен Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18