24.kg
15:33, 16 сентября 2019, 24.kg

Авариялык абалдагы 190 мектептин имаратына 13 миллиард сомдон ашуун акча керек

Өлкө аймагындагы авариялык абалдагы 190 мектептин имаратына 13 миллиард сом керектелет. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде айтылды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы «контейнер-мектептин» чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты. Билим берүү министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.

Министрдин мындай маалыматына анчалык ишене бербеген депутат ушу тапта Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырга окуп жатканын айтты.

Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 13 миллиардд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18