24.kg
09:33, 16 сентября 2019, 24.kg

Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталууда

Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Айтымында, эки өлкөнүн күч структуралары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

«Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары топтолгон жери жок. Сүйлөшүүлөр уланууда. Айрым маалыматтарга ылайык, тажик тарап аскердик базаны куруп жатат. Курулуш иштери кечээ токтотулган, бирок Тажикстан буга чейин такталбаган чек ара аянтына курулуш иштерин курууга тыюу салуу тууралуу кол коюлган келишимди бузду. Калк арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат», -деди Баймурат Бекмуратов.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Алар 10 жүк ташуучу унаа менен майда таш төккөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18