24.kg
09:19, 16 сентября 2019, 24.kg

Раиса Атамбаева күйөөсү менен жолуктурууну суранды

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева күйөөсү менен жолуктурууну суранды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жактоочу Сергей Слесарев билдирди.

Айтымында, арыз УКМКга берилди, учурда каралып жатат.

«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандыраарлык. Анын нааразычылыгы жок. Болгону мыйзамсыздыкка кабатыр. Кармоо шарттарына карата эч кандай нааразы эмес», -деди жактоочу.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу кылмыш ишинин материалдары менен таанышуунун акыркы күнү экенин кошумчалады. «27 томдон болгону онун гана окуп бүттүк. УКМК койгон график биздин укугубузду чектеп жатат», -деди Сергей Слесарев.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18