24.kg
16:55, 13 сентября 2019, 24.kg

Элчи Аликбек Жекшенкулов Якутск шаарындагы базардагы кыргыздар менен жолукту

Бойго жете элек уул-кыздарды чет өлкөгө иштөөгө чыгууга тыюу салуу керек. Бул тууралуу Якутск шаарында иштеген кыргызстандыктар элчи Аликбек Жекшенкулов менен кездешүүсүндө билдиришти.

Аликбек Жекшенкулов Якутск шаарындагы иш сапарынын жүрүшүндө ири соода түйүндөрүнүн бирине барып, кыргыз менен иш үстүндө жолугушту.

Мигранттардын айтымында, Якутск шаарында кыргыздарга кысым жок.

«Рейд болгон учурда гана документтерибизди текшерип калышат», — дейт мигранттар.

Андан тышкары, мекендештер элчиден 18ге толо элек улан-кыздарды чет өлкөгө иштөөгө жөнөтүүгө тыюу салууну суранышат.

«13-14 жаштагы кыздар келет. Же билими жок, же жумушу жок. Оор жумушта иштегендери бар. Ден-соолугуна кабатыр болобуз», — дейт кыргыз жараны.

Айрымдары балдарга керектүү документтерди жасоодо кыйынчылыктар болорун айтышты. Аликбек Жекшенкулов Якутск шаарында элчиликтин кеңсеси ачыларын маалымдады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18