24.kg
16:44, 13 сентября 2019, 24.kg

Кичи сержант катардагы жоокерди уруп жиберди. Ага жаза берилди

ИИМдин ички аскерлеринин аскер бөлүгүндө кичи сержант катардагы жоокерди уруп жиберди. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя катардагы жоокер нөөмөттө турганда болгон.

«Контракттык кызматтын аскер кызматкери катардагы жоокерди эч негизсиз эле жаака чапкан. Экспертиза көрсөткөндөй, М.А.нын ден соолугуна жеңил жаракат келтирилген. Биринчи Май райондук соту кичи сержантты күнөөлүү деп тапты. Ага 2 жарым жылдык мөөнөткө оор жумуштарды жасатуу жазасы берилди», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18