24.kg
14:28, 13 сентября 2019, 24.kg

Өзбекстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизди

12-сентябрда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытай жарандарына, анын ичинде Гонконг административдик району үчүн визасыз режим киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Жарлыкка ылайык, 2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстан эл аралык аэрпорттору аркылуу өткөн Кытай жана Гонконг жарандары бул өлкөдө 7 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Өзбекстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп 1,5 миллиард калкы бар Кытай үчүн кыска мөөнөттүү визасыз режим киргизди.

Быйыл Казакстан үчүнчү өлкөлөргө Казакстандын улуттук авиакомпанияларынын учактары менен Нур-Султан жана Алматы аэропорту аркылуу учкан кытай жарандарына 72 саатка визасыз транзит киргизген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18