24.kg
11:14, 13 сентября 2019, 24.kg

Акыркы 7 айда жол кырсыктарынын саны 16 пайызга өстү. Өкмөт анын себебин айтты

Ушул жылдын 7 айында жол кырсыктарынын саны 16 пайызга өстү. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын отурумунда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айтты.

Анын берген маалыматы боюнча, кырсыктардын саны аймактарда өскөнү байкалган. Мисалы, Талас жана Баткен облустарында кырсыктардын саны 50 пайызга өскөн.

«Буга чейин эгер жол кырсыктарында жабыркагандар жок болуп, материалдык гана чыгым келтирилген болсо, аны каттоого алчу эмес. Айдоочулдар маселени өздөрү чечип алышчу. Азыр баардык жол кырсыктары каттоого алынат. Мындан улам, жол кырсыктарынын санынын өскөнү ушуга байланыштуу деп айтаар элем», -деди Жеңиш Разаков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18