24.kg
09:36, 13 сентября 2019, 24.kg

Ала-Бука районунда унаа оодарылып кетип, 3 бала жабыркады

Ала-Бука районунда унаа оодарылып кетип, 16 жаштагы айдоочу жана анын жанындагы эки бала жабыркады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 11-сентябрда саат 23.00дөр чамасында болгон.

«Hafei Brio (Lobo) үлгүсүндөгү унаа айдоочунун атасына таандык болгон. Ал рулга ээ боло албай калып, натыйжада унаа оодарылып кеткен», — деп жазылат билдирүүдө. Жабырлануучулар Ала-Бука районунун ооруканасына жаткырылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18