24.kg
09:05, 13 сентября 2019, 24.kg

Самат Курманкуловду Москвадагы реабилитациялык борборго которушат

Чүй ОИИБнын башчысы Самат Курманкуловду Москвадагы реабилитациялык борборго которушат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

Айтымында, которуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү, борбордун директору макулдугун берди. Белгилей кетсек, Самат Курманкуловдун дарылануусуна кеткен чыгымды мамлекет төлөп берет. Дарыгерлер бейтаптын абалында жакшы жылыштар бар экенин айтышууда.

Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иш-чарасында Атамбаевдин тарапташтары менен күч органдары ортосунда кагылышуу болуп, Самат Курманкулов жаракат алган. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп, болгон аракетин жумшашкан. Аны Москвага дарылануу үчүн алып кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18