24.kg
17:55, 12 сентября 2019, 24.kg

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн. Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2, Ош облустук сотуна 1, Бишкек шаардык сотуна 1, Чүй облусунун шаардык жана райондук сотуна — 11 талапкер сунушталган.

Ушул жылдын 5-сентябрында мамлекет башчы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 9 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берди.

— Чүй облусунун Жайыл райондук соту: Чынара Саадабаева, Гүлзат Усакпаева ;

— Чүй облусунун Москва райондук соту: Кубатбек Дубанаев;

— Чүй облусунун Панфилов райондук соту: Жылдыз Сайдылдаева;

— Чүй облусунун Сокулук райондук соту: Манасбек Кулмурзаев, Нурмат Самаков;

— Чүй облусунун Токмок шаардык соту: Урматбек Абдырахманов;

— Чүй облусунун Чүй райондук соту: Алтынай Шаршеева ;

— Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту: Нурбек Тажибаев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18