24.kg
14:28, 12 сентября 2019, 24.kg

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш иши кайра каралууда

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен ӨКМнын мурунку башчысы Дүйшөнкул Чотоновго карата кылмыш ишин кайра кароо башталды. Сот судья Айнура Сатарованын төрагалыгы астында өтүүдө. 

Отурумдун жүрүшүндө судья соттолгон Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун өздүгүн аныктады. Алар сотко үй-бүлөлүк абалы, билими, иштеген иши жана жашаган жери тууралуу маалымат беришти.

 

Экөө тең айыптоочу корутундунун көчүрмөсүн алышты. Аларга укуктары жана милдеттери тууралуу түшүндүрүштү.

Photo 134862

21-августта Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароого жиберген. Биринчи май райондук сотунда саясатчылардын баш коргоо чарасы каралып, алар үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга эркинен ажыратылган. Аларга жемкорлук айыбы тагылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18