24.kg
13:44, 12 сентября 2019, 24.kg

Чүйдө 5 миллион сом жана зер буюмдарын уурдашкан 2 жаран кармалды

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда уурулук кылгандар кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 24-апрелинде Бөксө-жол айылынын 60 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөлөр үйүнөн 5 миллион 140 миң сом салынган сейфти жана 12 миң долларлык алтын жасалгаларын, кыймылсыз мүлктүн документтерин уурдап кеткенин айткан.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. «Коопсуз шаар» долбоорунун жардамы менен кылмышкерлердин унаасы аныкталып, шектүүлөрдүн бири колго түштү. Ал Ысык-Көл облусунун 25 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Сентябрда дагы бир шектүү 34 жаштагы А.А. кармалды. Экөө Жайыл РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18