24.kg
12:10, 12 сентября 2019, 24.kg

Адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеокамералар орнотулду

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашып, адамдын жүзүн таануу функциясы менен 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Антикоррупциялык кеңештин жаңы курамдагы жыйынында айтты.

Маалыматка ылайык, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган. Тактап айтканда, 2018-жылы каттоого түшкөн 81 жол кырсыгына салыштырганда 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган.

Чүй облусунда дагы жол кырсыктарынын жана жараат алгандардын саны кыскарган.

«Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18