24.kg
11:34, 12 сентября 2019, 24.kg

Биз кой эмеспиз. Кожобек Рыспаев депутаттарды кордогонго капа болду

Депутат Кожобек Рыспаев депутаттарды кой деп атагандарды таап, жазалоону талап кылды. Бул тууралуу ал отурумда айтты.

Анын билдирүүсүндө, эл депутаттарга чалып, аларды кой деп аташууда.

«Бизде профсоюз деген монстр пайда болду. Эл депутаттардын ачык номурларына тааныштары аркылуу жазып жатат. Бизге мүлктүн баарын сатып салдыңар деп жазышууда. Дагы «Кутман таң. Жакында бул койлорду тандайбыз», деп жазышат. Телефондон ачык эле жазып жатышат. Бул кемсинтүүнү качанкыга чейин көтөрө беребиз? Муну токтотуу керек. Мен телефондун номурларынын баарын берем. Эгерде биз профсоюздар тууралуу мыйзамды колдобосок, эл алдында уят болобуз», -деди депутат.

«Биз кой эмеспиз. «Чимкириктер» дегенге мен жооп кылып, «биз чимкирик эмес, элитабыз» дегем. Ошондон кийин бизге карата «кол салуулар» башталды», -деди Кожобек Рыспаев.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18