24.kg
17:09, 11 сентября 2019, 24.kg

Президент бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Улуу Британия Королдугунун элчиси Чарльз Гарреттен, Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовдон, Малайзиянын элчиси Хенди Ассандан, Армения Республикасынын элчиси Гагик Галачяндан жана Индонезия Республикасынын элчиси Сунарио Картадинаттан ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Мамлекет башчы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Алардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады жана өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө олуттуу салым кошооруна ишенимин билдирди. 

Ар бир элчи менен эки жана көп тараптуу өз ара аракеттенишүү маселелерин талкуулап жатып, президент соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, саясий чөйрөдө, ошондой эле парламенттик демократияны өнүктүрүү, туризм жана инвестициялык кызматташтык маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын жана кызыкдарлыгын билдирди.

«Өлкөлөрүбүз ортосундагы калыптанып калган достук мамилелер мындан ары дагы өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүп, сиздер эки тараптуу аракеттенишүүнүн потенциалын өстүрүүгө, элдерибиздин ортосундагы достукту бекемдөөгө өз салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18