Каныбек Исаков билим жана илим министри болду
Каныбек Исаков билим жана илим министри болду. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында колдоду.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетин жетектеп келет.
Мурдакы министр Гүлмира Кудайбердиева Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнерде окуу жылын баштаган мектепке байланыштуу ызы-чуудан кийин отставкага кеткен.