24.kg
14:24, 11 сентября 2019, 24.kg

Январь-август айларында ИДПнын көлөмү 334 миллиард сомду түздү

Ушул жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 334 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 6,2 пайызга өстү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсептебегенде, 2019-жылдын январь-августунда ИДП 298 миллиарддан ашык сомду түздү.

«Өнөр жай продукциясынын көлөмү 169 миллиард сомдон ашты. Айыл чарбасында көлөмдөрдүн өсүшү 1,6 пайызды түздү, курулушта — 7,8 пайызга, дүң жана чекене соода тармактарында — 4,9 пайызга өсүшү менен оң тенденциялар катталды», -деп айтылат маалыматта.

Республиканын тышкы соода жүгүртүүсү, 2019-жылдын январь-июлунда 3,8 миллиард АКШ долларын түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18