24.kg
13:40, 11 сентября 2019, 24.kg

Кой-Таш окуясына катышкан депутаттар КСДП партиясынан чыгарылды

Кой-Таш окуясына катышкан депутаттар КСДП партиясынан чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий уюмдун төрагасы Сагынбек Абдрахманов билдирди.

Айтымында, партиядан Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, Карамат Орозова жана Анвар Артыков чыгарылды. Сагынбек Абдрахманов БШКга аталган депутаттарды социал-демократтардын катарынан чыгаруу тууралуу документти берди.

Анвар Артыков КСДП партиясында турбагандыктан, чечимди абсурд деп атады. Ал эми Ирина Карамушкина башында Сагынбек Абдрахманов тургун КСДПнын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп эсептей турганын айтты.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18