24.kg
14:18, 10 сентября 2019, 24.kg

Бишкектин мектептерине туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 70 бала кабыл алынды

Бишкектин мектептерине туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 70 бала кабыл алынды. Бул тууралуу маалымат жыйында Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Ал борбор калаада пилоттук режимде мектептерге электрондук каттоо системасы киргизилгенин эскертти. «Долбоордун башкы максаты- балдарды мектепке кабыл алуу үчүн шарт түзүү жана жеткиликтүүлүктү камсыздоо», -деди Айнура Кусеинова.

«Комиссияга 2 миңден ашуун арыз келген. Баары каралып чыкты. Арасынан 70ке жакын баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болуп чыкты. Алар мектепке кабыл алынды, ал эми ата-энелерине документтерди чогултуу тапшырмасы берилди», -деди адис.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18