24.kg
10:09, 10 сентября 2019, 24.kg

Бишкекте жол кырсыгына кабылган «Ясин» автобусу оңдоого жараксыз

Бишкекте жол кырсыгына кабылган «Ясин» автобусу оңдоого жараксыз. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкек жүргүнчү ташуучу унаалар ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Айтымында, каттуу урунуудан кийин автобустун кузову иштен чыккан. Белгилей кетсек, автобус ушул жылдын апрелинде алынып келинген.

Нурлан Койчубаков ишкана кырсыктаган айдоочунун дары-дармегин жана чыгымдарын төлөп берет.

«Айдоочу өзүнө келди, кечээ башка айдоочулар менен бирге ооруканага барып келдик. Ата-энеси менен кезиктик. Бейтапка бизди киргизишкен жок, ал жандандыруу бөлүмүнүндө жатат», -деди ал.

Эске салсак, кечээ жүргүнчү ташыган автобус менен Mazda үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Кесепетинен 4 киши каза таап, 7 киши жаракат алган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18