24.kg
09:11, 10 сентября 2019, 24.kg

Чек ара кызматынын жарадар болгон жоокеринин иши сотко өттү

Чек ара кызматына караштуу «Бөрү» атайын дайындыктагы кызматынын офицери аскер кызматкерин бычак менен жарадар кылгандыгы тууралуу иш сотко өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүүгө «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып коюлууда. Иш Кадамжай райондук сотунда каралат.

Эске салсак, Баткен облусуна караштуу Айдаркен айылында май айында атайын кызматтын аскер кызматкери кол алдындагы жоокерди бычак менен жарадар кылган. Аскердик прокуратура аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө, бирок Чек ара кызматы окуяны жашырууга аракет кылган. Жабырлануучуга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн, жарасы ырбап кеткен.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18