24.kg
08:45, 10 сентября 2019, 24.kg

Бычак такап коркуткан. Орусияда кыргызстандык жаран эркинен ажыратылды

Новосибирсктеги Ленин райондук соту кыргызстандык жаранды эркинен ажыратты. Эми ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт. Бул тууралуу Орусиялык ЖМК жазды.

Маалыматка ылайык, окуя былтыр 2-декабрда болгон. Кыргызстандын жараны Адылбек Кадиржанов «Форсаж» компьютердик клубуна кирип, администратордун мойнуна бычак такап кассадан акча алып беришин талап кылган.

Соттолуучунун айтымында, мурунку күнү ал аталган клубдан 10 миң рублин уттуруп жиберген. Ал каражатка насыясынын пайыздарын жапмак. Клубдун күзөтчүсү келип калып, шектүү коркуп качып кеткен. Бирок, администратордун чыканагын жарадар кылганга жетишкен. Кармалган жаран күнөөнү мойнуна алып, бул кадамга жакырчылыктын айынан барганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18