24.kg
17:01, 09 сентября 2019, 24.kg

Жалал-Абад шаарына суу ченегичтер жана коштоочу жабдуулар орнотулат

Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системаларын реабилитациялоо максатында, суу ченегичтер жана коштоочу жабдуулар орнотулат. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында айтылды.

Маалыматка ылайык, шаардагы саркынды суу тутумдары алмаштырылат.

Ошондой эле, лабораториялык шаймандар сатылып алынат. Долбоордун жалпы баасы — 9,275 миллион евро. Анын 4 миллионун насыя, 4,125 миллион евросу грант түрүндө берилмекчи. Насыя 15 жылга 3 жылдык жеӊилдетилген мөөнөтү менен берилет.

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 3 жыл.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18