24.kg
09:33, 09 сентября 2019, 24.kg

Аба-ырайы. Толуу аймактарга кар жаап, үшүк жүрөт

9-10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Бүгүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-10-сентябрда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6...11°, күндүз 12...17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3...8°, күндүз 11...16°,

Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3...8°, күндүз 11...16°,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9...14°, күндүз 17...22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6...11°, күндүз 15...20°,

11-12-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0...-2° үшүк жүрөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18