Никита Мендкович: «Кумтөр» менен болгон макулдашуу мезгил сынагынан өтүшү керек
«Кумтөр» боюнча маселелер биротоло жабылды деген үмүттөр бир жыл мурун да болгон. Буга чейин көп эле жолу болгон. Бул жолу абал принципиалдуу түрдө айырмаланат деп өтө ишенимдүү айта албайм.
«Бирок, мен кесиптештерим айтып жатышкан «жабык сүйлөшүүлөр» жана «кабыл алынган чечимдердин ачык-айкын эместиги» тууралуу шектенүүлөрүнө макул эмесмин. Алтын кениндеги абалды эске алуу менен айта турган болсо, экономика, саясат жана ар кандай элдин кызыкчылыктары, бир канча жеке келишимдерди кабыл алууга кызыкдар тараптар -бири бири менен тыгыз байланышкан», -деди Никита Мендкович.
«Эгерде «Кумтөр» маселесин чынында эле толугу менен жаап койсо, анда имидждик артыкчылыктар сезиле баштайт. Эгер эски талаш-тартыштар башталса, анда жоготуулар каржылык тегиздикте жатып калат», -деди орусиялык экономист.