24.kg
14:15, 06 сентября 2019, 24.kg

Өкмөт туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды каттоого алат

Өкмөт 31-декабрга чейин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды табуу жана аларды документтештирүү боюнча Улуттук кампанияны жүргүзөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында жарандар документти жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдардын тизмеси түзүлдү. Мамлекеттик каттоо кызматы бул тизменин негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктү даярдап, балдар жашаган аймактарга алып барып берет.

Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарды документтештирүү темасы дагы бир маанилүү маселени алып чыгаарын айткан. «Көпчүлүк учурда ата-энелердин өздөрүнүн документтери же паспорттору жок, демек алар балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алышпайт. Бузуулар жөнүндө кодекстин 275-беренеси «Баланын төрөлгөндүгүн каттоо мөөнөттөрүн бузуу» бар жана бул мөөнөттү бузуу үчүн эскертүү берилип же 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Айрым ата-энелер айыппул үчүн балдарына документ алууну создуктурушат. Бул өз кезегинде балдар үчүн бир катар көйгөйлөрдү алып келет», — деген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18