24.kg
13:44, 06 сентября 2019, 24.kg

Президент Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кой-Таш окуясында каза болгон Үсөнбек Ниязбековдун туугандары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Photo 134147

Маалыматка ылайык, президент менен жолугушууга "Альфанын" каза болгон кызматкеринин апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков келген.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон УКМКнын кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгииликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгон.

Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун баса белгиледи. Ал Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18