24.kg
11:16, 06 сентября 2019, 24.kg

Аскердик лицейден качып кетти делген тарбиялануучулар кайтып келишти

Бишкектеги Даир Асанов атындагы аскердик лицейден качып кетти делген тарбиялануучулар кайтып келишти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Башкы штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, лицеисттер өз алдынча Түштүк магистралга чейин узакка чуркоо тапшырмасын аткарып жүрүшкөн. Учурда алардын баары сабакта.

24.kg агенттигине жеке булак билдиргендей, качып кеткен 56 тарбиялануучу лицейге эртең менен келишкен.

«Тарбиялануучулар 5-сентябрда болжол менен саат 3:00дө качып кетишкен. Эртең менен кайтып келишти. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, алар курстун башчысын жана дагы бир офицерди кызматтан кетишин талап кылышууда. Буга физикалык даярдыкка карата катаал талаптар себеп болгон. Окуя болгон жерде Аскер прокуратурасы, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлдөрү иш алып барууда. Ата-энелер качып кеткен балдарын окуудан чыгарбоону суранышууда», -деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18